2018-жылдын 14-февралында Маданият, тарых, тил каналында “Архитектура жана шаар куруу терминдерин мамлекеттик тилде колдонуу” деген темадагы түз эфирдин коноктору: Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КМКТАУ) ректору А.А.Абдыкалыков, КМКТАУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Н.Ж.Маданбеков, КМКТАУнун Архитектура жана дизайн институтунун “Шаар куруу” кафедрасынын башчысы Т.С.Кеңешов, “Бишкек башкы архитектура” башкармалыгынын начальниги М.Т.Жороев кызыктуу маек куруп, көрүүчүлөрдү кызыктырган суроолорго жооп беришти. Ишиңиздерге ийгилик!